Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Каардуу, катуу, каарданган, чамынган, бууракандаган. Бетти, колду каарыган долу бороон (Сыдыкбеков). Кечээ күнкү, күрпүлдөгөн долу Чүй, Эпке келип, бүгүн бизге багынды (Турусбеков). 4. өт. Оң каарман аялдарга сүймөнчүлүк менен ыкыбал кылып, туруктуу, кайраттуу деген мааниде кайрылуунун бир түрү. «Кокуй, долу бейбактын, Күнү эмине болот?» – деп («Манас» С. К.).